www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун сотторунда 6 айда 2 119 иш каралды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош облусунун жергиликтүү сотторунда 2 119 соттук иш каралды.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9%га көп.

Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Ош облустук сотунда өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган жыйында маалымдалды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана сот тармагынын жетекчилери катышты.

Жыйында соттордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланып, сот адилеттигин камсыз кылуу боюнча аткарылган иштерге баа берилди.

Иш-чаранын соңунда сот адилеттигин камсыз кылууга кошкон салымы үчүн Ош облустук сотунун үч кызматкерине Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Последние новости