www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Ош–Ноокат унаа жолунун сапатына байланыштуу тараган видеонун негизинде Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу тиешелүү кызматтар жеринде текшерүү жүргүзүштү.
Министрликтин маалыматына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери көчмө лаборатория менен Ош–Ноокат жолунун Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүнүн 3–4-чакырымындагы тилкесин текшеришкен.
Текшерүүнүн жүрүшүндө асфальт-бетон жабындысынын сапатына байланыштуу бир катар кемчиликтер аныкталып, лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрү алынган.
Жыйынтыгында башкы подрядчы — «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына (ДЭУ-21) акт түзүлүп, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин кайра куруу боюнча милдеттендирме берилди.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга 3 күндүк мөөнөт белгиленди.