www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо борборунун өкүлдөрү 14-июлда ЖАМКтын №27 мекемесинде мониторинг жүргүзүп, саясатчы Алга Кылычов менен акын Аскат Жетигендин кармоо шарттарын текшеришти.
Текшерүү учурунда Алга Кылычов мекеменин кызматкерлери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип жатканын айтып даттанган. Ал мындай мамиле системалуу түрдө болуп жатканын жана башка соттолгондорго да моралдык-психологиялык басым көрсөтүлөрүн билдирген. Ошондой эле кан басымы жогорулап турганына карабастан жазалоочу изоляторго киргизилгенин айткан. Мониторинг маалында анын камерасындагы темир керебеттин бузук абалда экени аныкталып, Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн эскертүүсүнөн кийин оңдолгон. Кийинчерээк, 15-июлда Кылычов изолятордон кадимки камерага которулган.
Аскат Жетиген да мекеменин кызматкерлери жана жетекчилиги тарабынан соттолуучуларга адамгерчиликсиз жана ар-намысты кемсинткен мамиле жасалып жатканын билдирген. Мындан тышкары, акыркы убакта буту ооруп, чуркай албай калганын айтып, бул боюнча мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылганын маалымдаган.
Эки соттолуучу тең Акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын атына арыз жазып, алардын дооматтары боюнча текшерүү жүргүзүүнү жана жооптуу кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Бул материалдар кароо үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Мониторингдин алкагында өкүлдөр соттолуучулардын тамактануу шарттарын жана медпункттун ишин да текшеришкен. Алар мекеме жетекчилигине соттолуучулардын укуктарын так сактоо, кемсинтүү, ырайымсыз мамиле жана кыйноолорго жол бербөө зарылдыгын эскертишкен.