www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Орусияга жасай турган сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга үмүттөнөрүн билдирди.
Иран президенти бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө жооп берип жатып айткан.
Тегерандагы жолугушуу учурунда Сергей Лавров Пезешкианга Владимир Путин аны Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун (GECF) саммитинде күтүп жатканын билдирген.
Буга жооп кылып, Иран президенти Орусиянын лидерине салам жолдоп, алдыдагы сапарын күтүп жатканын белгилеген.
«Орусиянын президенти Владимир Путинге менден салам айтып коюңуз. Биз да Орусияга боло турган сапарыбызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз жана жакын арада жолугушабыз деп үмүттөнөбүз», - деген Масуд Пезешкиан.