www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөгө Россиядан 420 кыргызстандык келди

Бүгүн Москва — Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга Россиядан 420 кыргызстандык келди, арасында жашы жете элек 35 бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Бул каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар  болду. Мындан сырткары, мекенине келүүгө олуттуу себеби бар: катуу ооругандар, операция болгондор, жакындарын жоготкон жана кыйын тагдырга туш болгон кыргызстандыктар келишти", — деп айтылат маалыматта.

Пандемиядан улам чет жерлерде калып калган мекендештерди алып келүү боюнча аракеттер улантылып жатканын ТИМ белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости