www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Ливандын борбору Бейруттагы жарылуудан жана каршылык акциясына чыгып жабыркагандар арасында КР жарандары бар-жогун тактады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Бейрутта жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок", — деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбү жабыркаган. 

Андан көп өтпөй 8-август, ишемби күнү, миңдеген адамдар өкмөттүн кетишин жана реформаны талап кылып митингге чыгышкан. Тилекке каршы, ал массалык башаламандыкка айланып, митингчилер өкмөттүн бир нече имаратын басып алган. Аталга өлкөнүн ИИМи билдиргендей, кагылышуудан бир укук коргоо кызматкери каза болгон. Ошондой эле 700дөн ашык адам жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости