www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белоруссиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоо өттү деп тааныды. Бул тууралуу БШК башчысы Лидия Ермошина билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Минскинин убактысы боюнча саат 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыны тандап койгон.

Белоруссияда тизмеге кирген шайлоочулардын 50 пайызы добушун берсе, президенттик шайлоо өттү деп эсептелет. Мамлекет башчы шайланышы үчүн катышкан жарандардын 50 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болушу зарыл.

"Өлкөдө президенттик шайлоо өттү деп саналды. Шайлоочулардын 54 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты", - деген Ермошина.

Президенттик кызмат орунга бул сапар беш киши талапкерлигин койгон. Алар: алтынчы мөөнөткө аттанып жаткан Александр Лукашенко, парламенттин төмөнкү палатасынын экс-депутаты Анна Канопацкая, "Чындыкты айт" ("Говори правду") коомдук бирикмесинин тең төрагасы Андрей Дмитриев, "Грамада" Белоруссия социал-демократтар партиясынын төрагасы Сергей Черечень жана жумушсуз Светлана Тихановская.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости