www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарындагы үч ири объекттин сметасы кайра эсептелип, 1,1 млрд сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы үч ири социалдык объекттин долбоордук-сметалык наркы кайра каралып, натыйжада 1,1 млрд сомдон ашык бюджеттик каражат үнөмдөлдү.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 20-августта журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Манас шаарында үч ири объекттин курулушу башталган. Талдоонун жыйынтыгында алардын долбоордук-сметалык наркы жогору белгиленгени аныкталып, президенттин тапшырмасынын негизинде документтер кайра каралган.

Облустук клиникалык оорукана

7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын алгачкы сметалык наркы 1,7 млрд сомдон ашык болгон. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында курулуштун наркы 1,5 млрд сом деп такталып, 74,9 млн сом үнөмдөлдү.

Ооруканада лаборатория, диагностикалык, реанимация, операциялык, нейрохирургия, травматология, онкология, урология, көз жана ЛОР бөлүмдөрү жайгашат. Имараттын чатырында 219 чарчы метрлик тик учак конуучу аянтча каралган.

Учурда 7-кабаттагы опалубка иштери аяктап, дубалдарды тургузуу 5-кабатка чейин бүткөрүлгөн.

5 200 орундуу спорт сарайы

Спорт комплексинин алгачкы сметалык наркы 3 млрд сомдон ашык деп эсептелген. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында анын баасы 2,6 млрд сом болуп такталып, 479 млн сом үнөмдөлдү.

Комплексте 5 200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP орундар, бассейн, машыгуу залдары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

«Акылман» мектеп-лицейи

«Акылман» атындагы Президенттик мектеп-лицейинин алгачкы сметалык наркы 2,1 млрд сомдон ашык болуп, курулуштун бир чарчы метри 1 103 долларга бааланган.

Кайра эсептөөдөн кийин бир чарчы метрдин баасы 750 долларга чейин төмөндөтүлүп, объекттин жалпы сметалык наркы 1,7 млрд сом болуп такталды. Натыйжада 443,5 млн сом үнөмдөлдү.

Мектеп-лицейде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, бассейн, спорт залы жана стадион болот.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап калды. Объектти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр Нурдан Орунтаев белгилегендей, негизги максат — курулуштун сапатын төмөндөтпөстөн, чыгымдарды оптималдаштыруу жана мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу.

Аталган объектилердин курулушу Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Последние новости