www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чара Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2026-жылдын 27-августундагы №131 биргелешкен буйругунун негизинде өткөрүлдү.
Мониторинг учурунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышы жана сакталуусу, дарыканалардын тиешелүү реестрлерде каттоосу жана мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди.
Айрым дарыканаларда ички реестрге катталбаган учурлар жана ветеринардык дарыларды агрохимикаттардан өзүнчө сактоо талаптарынын бузулушу аныкталды.
Аныкталган кемчиликтер боюнча дарыканалардын ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды жоюу боюнча талаптар коюлду.