www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматы бир нече эл аралык баңгизат каналдарынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Кыргызстанда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан мефедрон, гашиш жана марихуана алынды. Бул тууралуу 23-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.
УКМКнын маалыматына караганда, Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө марихуана жеткирүүгө тиешеси бар эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлган.
Ошондой эле Кыргызстандын жарандары түзгөн, өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгү аныкталган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон иштердин алкагында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык заттарды сатууга байланышкан бир нече трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн мефедрон, гашиш жана марихуана алынган. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.