www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен жолугушту.
2026-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жолугушууда тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Элчи Руслан Казакбаев эки өлкөнүн транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана логистикалык каттамдарды өркүндөтүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул багыттагы кызматташтык кыргызстандык продукциянын тышкы рынокторго натыйжалуу чыгышына өбөлгө түзөт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга түрк компанияларын тартуу, транспорттук инфраструктураны куруу жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү аба аркылуу ташууну өнүктүрүү маселелерин да карашты. Элчи авиакаттамдарды мындан ары өркүндөтүү, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, эл аралык автомобиль ташууларын өнүктүрүү, административдик тоскоолдуктарды жоюу жана транспорт тармагы үчүн адистерди даярдоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашылды.
Жолугушуунун соңунда Руслан Казакбаев Абдулкадир Уралоглуну транспорт жана логистика тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары бекемдөө максатында Кыргызстанга жумушчу сапар менен келүүгө чакырды.