www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өрт болжол менен 1000 чарчы метр аянтты каптады. Жабыркагандар жок.

2026-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан «Джунхай» базарындагы контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору маалымдады.

Өрттү өчүрүү иштерине саат 19:41де жалпы 8 күжүрмөн эсеп, штаб жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Окуя болгон жерде иштерди КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов координациялады.

Өрт саат 21:33тө чектөөгө алынып, 23-октябрда саат 01:01де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн. Окуядан жабыркагандар жок.

Последние новости