www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосундагы мамилелердин тарыхында алгачкы жолу эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар өттү.
Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов, Зимбабве тарапты Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Р. Чимбинди жетектеди.
Тараптар саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы практикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле геология, туризм жана санариптештирүү тармактарында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан менен Зимбабве 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайлангандыктан, Кеңештин алкагындагы кызматташуу маселеси да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу аркылуу кыргыз-зимбабве мамилелерине жаңы дем берүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Последние новости