www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эми Кытайга карагат, малина жана бүлдүркөн экспорттоого мүмкүндүк алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ата мекендик мөмө-жемиштерди Кытай Эл Республикасынын рыногуна экспорттоого мүмкүндүк берген расмий фитосанитардык протоколго кол коюлду. Бул документ кыргызстандык өндүрүүчүлөргө жаңы терилген малинаны, кара бүлдүркөндү жана карагатты Кытайга расмий экспорттоого жол ачат.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти дыйкандарга жогорку киреше алып келүүчү экспортко багытталган төмөнкү сортторду өстүрүүнү сунуштайт.
Малина:
Энросадира (Enrosadira)
Шехиба (Shehiba)
Полонез (Polonez)
Кара бүлдүркөн:
Лох-Несс (Loch Ness)
Натчез (Natchez)
Карагат:
Алтын түстүү карагат (Золотистая смородина)
Тибен (Tiben)
Тизел (Tisel).