www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда колдонулган батарейкаларды чогултуу жана экологиялык жактан коопсуз утилдештирүү багытында кызматташтык өнүгөт. Бул боюнча тиешелүү меморандумга Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен «Твой заряд» компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кол коюлду.

Жолугушуу министрдин биринчи орун басары Ж.К. Сейдалиевдин катышуусунда өттү. Анда батарейкалардан чыккан калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу жана аларды туура чогултуу маселелери талкууланды.

Маалыматка ылайык, «Твой заряд» компаниясы Кыргызстанда 1 700гө жакын көчмө кубаттагычтарды ижарага берүүчү станцияны иштетет. Тиркеменин колдонуучуларынын саны 300 миңден ашса, алардын 150 миңден ашыгы Бишкек шаарында жашайт.

Компания 2022-жылдан бери колдонулган батарейкаларды чогултуу иштерин жүргүзүп келет. Бул максатта өлкөнүн калк көп жүргөн жерлерине 850дөн ашык атайын экобокс орнотулган.

Жолугушууда электр унааларынын батарейкаларын чогултуу жана утилдештирүү, кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана бул багытка инвестиция тартуу маселелери да каралды.

Ошондой эле жаштардын экологиялык маданиятын жогорулатуу максатында мектеп окуучулары жана студенттер арасында сынактарды өткөрүү, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды берүү жана бирдиктүү брендбук иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.

Кол коюлган меморандум колдонулган батарейкаларды чогултууну уюштурууга жана аларды Кыргызстандын аймагынан тышкары экологиялык коопсуз талаптарга ылайык утилдештирүүгө багытталган.

Последние новости