www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ата-бала Сулайманов дегендер бар. “Шакмары шалдырап” турган кандай кырдаал болсун, суудан кургак чыгышат. Ушуларга келгенде эле “мыйзам шалга айланып” калат. 

Мына айталы, Нурлан Сулайманов Транспорт жан жол министри болуп турган жылдары 250 миллион сомдон ашуун каражатты кыянаттык менен пайдаланган деген жүйө менен кезинде Башкы прокуратура коррупцияга айыптап кылмыш ишин козгогон. Ал ошол кезде өлкөдөн чыга качып, кийин бийлик алмашкандан соң кайтып келип, былык иштерин “жең ичинен” бүтүрүп алганы кеп болду. Кылмыш иши “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегендей изи сууду. 

Элестет, жеп-ичип, мамлекетке оңбогон зыян келтирип, анан 5-6 жыл сыртта чардап жүрүп, качан кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп эскиргенде, эч нерсе болбогондой өлкөгө кирип келип, мандемдүү иштери “кар жаады, из басылды” болуп жокко чыгып жатат. Өкүнүчтүүсү, ошого ыраазы болуп жөп жатпай, жоопкерчиликке тартылбай калгандан улам кайрадан саясатка аралашып, көнгөн адатынча акча чыкчу кызарган жерге мурдун тыгып, элдин ырыскысына кайрадан көз артып, “суу колун салган” күмөндүү иштерге аралашты... 

Мына айталы, Өзгөн айланма жолун Камчыбек Ташиевдин баласы Таймурас Ташиев экөө салды болуп, бүгүнкү күндө айдоочулар оңбогондой акча төлөп өтүп жатышат. Натыйжада элдин чөнтөгүн кагып, капчыгын кампайтып отурат. 

Ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт дегендей, мурдагы коррупциялык кылмыш ишине жооп берип, жегенин кускандын ордуна минтип пайда таап отурат. Болгондо да минтип элдин жонунан акча таап, алаканын ысып, чекеси нымшып, тагдырына ыраазы. 

Буга дейре мамлекетти тоногондордун алды бир, арты 2-3 жолу “кусуп” камалышты. Ал түгүл өз ак эмгеги менен ишкерлик кылып байыган Шаршенбек Абдыкеримовго окшогондор “кустурузацияга” туш болушуп, мүлктөрүнөн ажырап, акыйкат таппай сыздашты. Негизи коррупциялык кылмыш иштеринин мөөнөтү эскирбеш керек эле. Далайлар ошол негизде торго илинди. Анан кандай эле былыгы булайып чыгып турса да Нурлан Сулайманов “периште” болуп чыга келди? 

Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө кызмат көрсөтүп, “келин болуп жүгүнүп, көлдөлөң болуп төшөлсө” эле мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбай, кол тийгис ыйыкка айланып калабы? 

Кыргызда, “балтыр бит башка чыгат” деп айтылгандай, мына эркелетип чара көрбөгөндү алсыздык деп түшүнгөн Нурлан Сулайманов Камчыбек Ташиев Германияда дарыланганы кетип иштен алынган кезде, Кыргызстандын ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов, Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Клара Самат болуп Кремлге барышкан табышмактуу купуя иш сапарына укуктук баа берилбей көмүскөдө калды. 

Айткандай, “алма сабагынан алыс түшпөйт” болуп, баласы Элдар Сулайманов дагы ошол кезде Жогорку Кеңеште мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча интригага баш салып, тизме түзүп “президентке тиш салганы” билинип, мандатынан ажырады. Бирок негедир “кыңыр иш кырк күнгө жетпей билингенине” карабастан мыйзам алдында ата-бала катуу жазаланган жок. 

Мындан улам, бул ата-балага мамлекеттин же бийликтин күнөөкөр болгон жайы барбы деген аргасыз ой кетет экен. Болбосо, булардын “жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” болгон жоруктарын кандай түшүнсө болот?

Последние новости