www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик алымдарды онлайн төлөөгө уруксат берилди

Президент Садыр Жапаров «Салыктык эмес кирешелер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 26-февралында кабыл алынган.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, бул мыйзамдын максаты – жарандарга мамлекеттик алымдарды төлөөдө шарттарды түзүү.

«Мыйзам мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук капчык, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан/дистанциялык тейлөө ыкмалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн карайт.

Бул чаралар жарандардын сотко, мамлекеттик жана башка органдарга кайрылуу укугун натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшөт, ошону менен накталай же банк аркылуу которуу менен төлөөгө болгон чектөөлөр алып салынат», - деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости