www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти заманбап электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

Бул процесс менен өлкө аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттар боюнча маалымат базасын электрондук форматта түзүү жана толуктоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөрдүн катышуусунда системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу тестирлөө этабы ишке ашырылууда. Тестирлөөнүн жүрүшүндө препараттарды каттоо, электрондук эсепке алуу процесстери текшерилүүдө.

Маалыматтардын тактыгына, колдонуучуга ыңгайлуу интерфейске жана бардык жол-жоболордун ачыктыгына өзгөчө көңүл бурулууда.

Последние новости