www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-майында Казакстандын Түркстан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер жасалма интеллект (мындан ары — ЖИ), санариптик трансформация жана технологиялык өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө ЖИ жана санариптик технологиялар инновациянын, экономикалык өсүштүн жана мамлекеттик башкаруунун негизги факторлоруна айланып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу биргелешкен санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана инновациялык демилгелерди колдоо зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз тарап ошондой эле санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан ишке ашыруунун, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүнүн жана ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда технологиялык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жыйындын жыйынтыгында тышкы иштер министрлери Уюмдун Мамлекет башчылары кеңешинин күн тартибин жана жыйынтык документтерин бекитишти, ошондой эле анын Катчылыгынын институттук жана санариптик потенциалын мындан ары чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.

 

Последние новости