www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (Africa CDC) Конгонун Итури провинциясында «Эбола» вирусунун очогу чыкканын тастыктады. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы X социалдык тармагында билдирди.

Борбордун маалыматы боюнча, оорунун тастыктала элек 246 учуру катталган. 65 адам каза болуп, алардын төртөөнүн диагнозу расмий түрдө далилденген.

«Эбола» адамдын иммундук системасын жана ички органдарын жабыркатат. Өз убагында дарылабаса, өлүмдүн көрсөткүчү 30%дан 90%га чейин жетиши мүмкүн. Конгодо бул вирустун акыркы 16-очогу өткөн жылдын сентябрь айында катталган. Ал учурда өлкөдө 15 адам каза болгон.

Последние новости