www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Беларусь Республикасынын “Башкы мамлекеттик курулуш экспертизасы” республикалык унитардык ишканасынын башкы директору Владимир Белоус жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш тармагындагы мамлекеттик экспертизанын заманбап ыкмаларын жана санариптик өнүгүү багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экспертизаны электрондук форматка өткөрүү, “Бирдиктүү терезе” принциби аркылуу комплекстүү экспертиза жүргүзүү, BIM-технологияларын жана заманбап программалык комплекстерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана эки өлкөнүн эксперттик мекемелеринин ортосундагы тажрыйба алмашууну кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.
Белгилей кетсек, жолугушуу эки мекеменин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында өтүп, кыргыз тарап мамлекеттик экспертиза системасындагы санариптик реформалар боюнча топтогон тажрыйбасы менен бөлүштү.
Тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.