www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхардды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында Берлин шаарында өткөн иш-чаралардын жыйынтыктарын, ошондой эле эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Бул контекстте Министр Ж.Кулубаев кыргыз-герман мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын жана ар кандай деңгээлдеги байланыштардын активдешкенин белгиледи. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси А.Касымалиевдин 2025-жылдын ноябрь айында Берлин шаарына жасаган сапары, ошондой эле 2026-жылдын февраль айында өткөн “Борбордук Азия – Германия” форматындагы жолугушууга кыргыз тараптын катышуусу айтылды.

Аталган форматка практикалык мүнөз берүү, айрыкча экономика, энергетика, транспорт, логистика жана санариптештирүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта кыргыз тарап Германиянын бизнес чөйрөсү менен инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар санкциялык саясат маселелери боюнча пикир алмашып, парламенттик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, эмгек миграциясы, билим берүү жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Элчи М.Ленхард Германия эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана өз ара пайдалуу диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө өз ара умтулуусун тастыкташты.

 

Последние новости