www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүз районунда «Укук-тартип» аталышындагы алдын алуу жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери Барскоон айылынын Сырт өрөөнүндө жайгашкан «Тоголок» участогунан белгисиз адамдарды мыйзамсыз аңчылык кылып, 2 (эки) баш жапайы тоо текесин атып, устукандап алып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармашкан.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБинин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында алынган далил зат катары эки тоо текенин этине тиешелүү экспертизалар дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган эттер жапайы тоо текелерине таандык экендиги тастыкталган.

Шектүүлөр Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургундары болуп, бири 1988-жылы туулган И.Ж., экинчиси 1995-жылы туулган Ж.А. экени аныкталган. Алар өз күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, мамлекетке келтирилген 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү чыгымды төлөшкөн. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде айыбы угузулуп, Жети-Өгүз райондук сотунун кароосуна жиберилген.

Последние новости