www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн үч алмашуу бюросунун лицензиясынын колдонулушу убактылуу токтотулду. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 10-октябрынан 24-октябрына чейин Бишкек шаарындагы «БТК Групп» ЖЧКсынын (Шопокова көчөсү, 91, L-54 бөлмө) жана «Ийгилик Али» ЖЧКсынын (Менделеев көчөсү, 91) лицензиялары токтотулган.

Ошондой эле 13-октябрдан 27-октябрга чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское айылындагы «Азирет Трейд» ЖЧКсынын (Алма-Атинская көчөсү, 721а) лицензиясынын колдонулушу токтотулган.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна, бир микрокредиттик компанияга жана үч акча алмаштыруу бюросуна ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынган.

Улуттук банк мындай чаралар мыйзамдардын жана белгиленген ченемдик талаптардын сакталышын камсыз кылууга багытталганын белгилейт.

Последние новости