www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңеши тарабынан «Санариптештирүү доорундагы кесиптик бирлик жана интеллект» аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулду. Мелдешке 11 команда катышты.
2026-жылдын 19-октябрында Кыргызстандын социалдык кызматкерлеринин жана кесиптик бирликтеринин күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Камчыбек Досматов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Бермет Карабаева жана тармактык кесиптик бирликтердин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын ачылышында Мурадил Джумадилде уулу интеллектуалдык оюн мындай форматта алгачкы жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Мелдеш үч раунддан туруп, командалар кесиптик бирликтердин тарыхы, кызматкерлердин эмгек укуктары, эмгекти коргоо, санариптик технологиялар жана социалдык өнөктөштүк боюнча билимдерин сынашты. Ошондой эле катышуучулар эмгек укуктарын коргоого жана иш шарттарын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарын иштеп чыгып, тааныштырышты.
Оюндун жүрүшүндө командалар билим деңгээлин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана командалык иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген командалар сыйланды.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чара жаштардын кесиптик бирлик кыймылына болгон кызыгуусун арттырууга, эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана санариптештирүү шартында кесиптик бирликтердин заманбап баалуулуктарын жайылтууга багытталган.