www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз киносунун 85 жылдык мааракеси белгиленет

17-ноябрда Кыргыз киносунун 85 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Кыргыз киносу — элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын чагылдырган баалуу мурас. 85 жыл аралыгында ата мекендик кинематография чоң чыгармачылык жолду басып өтүп, кыргыз элинин турмушун, тагдырын жана улуттук өзгөчөлүгүн экран аркылуу көрүүчүлөргө жеткирип келет.

Ушул жылдар аралыгында кыргыз киносунун өнүгүшүнө режиссерлор, сценаристтер, операторлор, актерлор жана кино тармагынын башка адистери зор салым кошушту. Алардын үзүрлүү эмгеги улуттук кино өнөрүнүн калыптанышына, көркөм тасмалардын жаралышына жана кыргыз кинематографиясынын эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түздү.

Бүгүнкү күндө кыргыз кинематографиясы тарыхый мурастарын сактоо менен бирге, жаңы муундагы чыгармачыл адистердин эмгеги аркылуу өнүгүүсүн улантууда. Улуттук кино өнөрү заманбап көз караштарды, коомдогу өзгөрүүлөрдү жана адам тагдырларын чагылдыруу менен өз көрүүчүлөрүн табууда.

Кыргыз киносунун 85 жылдык мааракеси — бул улуттук кинематографиянын басып өткөн жолун баалоо, кино тармагында эмгектенген инсандардын салымын эскерүү жана анын келечегине көз чаптыруу үчүн маанилүү учур.

Ар бир доор өз изин калтырат. Кыргыз киносу ошол издерди сактап, муундан муунга өткөрүп келет.

Последние новости