www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан үгүт иштеринин алкагында элинин тонолушуна, акчасын Украинага жөнөтүүгө жол бербей турганын РИА Новости жазды.
"Венгрияны согушка аралаштырбай коргоп кала алам, каржылык милдетин да көтөрүүгө кудуретим жетет. Венгрлерге тиешелүү, эл эмгеги менен жеткен нерсени коргойм. Силердин каракталып, акчаңардын Украинага жиберилишине жол бербейм", - деди Орбан.
Премьердин айтымында, эгер Брюссель болбой эле Киевге акча бөлө турган болсо, карыз европалыктардын балдарынын, неберелеринин мойнуна илинет.
Белгилей кетсек, Венгрияда парламенттик шайлоо ушул жылдын 12-апрелине белгиленген.
Ал эми Владимир Зеленский Украинага берилчү 90 миллиард евролук насыя боюнча Европага таасир эте албай жатканына жаалданууда. Эксперттин пикиринде, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ири алдыда Будапешттин кызыкчылыгын коргоп жатканын жана Киевдин каалоосун аткарууга милдеттүү эместигин Зеленский эсинен чыгарып коюп жатат.
Эскерте кетсек, Киев январдын аягынан баштап "Дружба" мунай түтүгүнөн отун өткөрбөй калган. Венгрия 18-февралда Украинага дизелдин ташылышын токтотуп, 20-февралдан тарта Евробиримдиктен келчү 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп койгон.
Өлкө ТИМинин жетекчиси Петер Сийяртонун айтымында, мындай кадам Киев режиминин опузасына байланыштуу жасалды. Украина саясий себептерден улам россиялык мунайдын "Дружба" аркылуу өтүшүнө бут тосуп, Будапештти энергетикалык кризиске кептеп, апрелде өтчү шайлоого таасир этүүгө умтулуп жатканы белгиленген.