www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-октябрында К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов төрагалык кылып, ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков да катышты.

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Анын максаты — жаштардын чыгармачылыгын колдоо, улуттук маданий мурастарды жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле жаш муундарды патриоттуулукка жана жаратмандыкка үндөө.

Сыйлык үч жылда бир жолу 35 жашка чейинки жаштарга 11 номинация боюнча ыйгарылат. Алар адабият, журналистика жана телекөрсөтүү, музыка, көркөм искусство, архитектура жана дизайн, театр жана цирк искусствосу, кино, илим жана билим берүү, жаңы технологиялар, экономика жана бизнес, спорт, ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүү багыттарын камтыйт.

Быйыл сыйлыкка талапкерлерден арыздар апрель айынан 10-августка чейин кабыл алынган. Лауреаттарды тиешелүү тармактардын өкүлдөрүнөн, эксперттерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган 18 мүчөлүү комиссия аныктады.

Сыйлыктын ар бир лауреатына Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана салыктарды кошкондо 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.

Последние новости