www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда соттон тышкаркы тартипте талаш-тартыштарды жөнгө салуу механизмдерин өнүктүрүү жана укуктук коомду чыңдоо боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.
Документке Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова жана Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов кол коюшту.
Жолугушууда тараптар медиация институтун өнүктүрүү, элдештирүү жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Шералы Камчыбеков Жогорку сот талаш-тартыштарды альтернативдүү жол менен жөнгө салуу институттарын өнүктүрүүнү туруктуу колдоп келерин белгилеп, медиацияны сот системасына атаандаш эмес, жарандардын укуктарын коргоодогу натыйжалуу укуктук механизм катары бааларын билдирди.
Ошондой эле жолугушууда 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Жарандык процесстик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр талкууланып, алар медиация институтун андан ары өнүктүрүүгө жана элдештирүү жол-жоболорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганы белгиленди.
Медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова жаңы мыйзамдык нормаларды ишке ашырууда судьялар менен медиаторлордун тыгыз кызматташуусу өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, бул багыттагы биргелешкен иштерге даяр экенин билдирди.
Тараптар меморандумду ишке ашыруу талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү механизмдерин өнүктүрүүгө, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана сот адилеттигине болгон коомдук ишенимди арттырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.