www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу тартибин жөнгө салган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөргө ылайык, эки имарат архитектуралык мурас объекттеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарылды:
1939-жылы курулган, Бишкек шаарындагы Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Республикалык көз оорулары клиникасынын имараты;
1949-жылы курулган, Ахунбаев көчөсү, 90 дарегинде жайгашкан Кургак учук илимий-изилдөө институтунун имараты.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилди.