www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистан Ислам Республикасынын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистандын Дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу башкармалыгынын (DRAP) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жөнгө салуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жөнгө салуучу маалымат жана тажрыйба алмашууга, фармакологиялык көзөмөлдү күчөтүүгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана биргелешкен окууларды өткөрүүгө багытталган.
Ошондой эле меморандум медициналык продукциянын сапатын камсыздоо, аны эл аралык стандарттарга ылайык инспекциялоо жана жөнгө салуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт.
Тараптардын айтымында, бул документ Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүгүн чыңдап, эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу системасын мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.