www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөөгө катышып жатып, "мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө биздин чек араны кайтаргандарды колдоону улантат", – деп баса белгиледи.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев турак-үйдүн курулушу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн каралгандыгын билдирди.

Кызмат имараты үч кабаттан туруп, 24 батирге ылайыкташкан.

Жогоруда аталган үйдүн курулушу аяктаган соң татаал шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери ыңгайлуу турак-үй менен камсыз болушат.

Мамлекет башчысы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды.

Алар менен баарлашып жатып Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айтып, кызмат өтөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости