www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги COVID-19 инфекциясын дарылоо үчүн “Авиган” дарысын колдонууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.

Биотехнологияны өнүктүрүү боюнча Улуттук борбордун жетекчиси Чжан Синьмин билдиргендей, Кытай бийлиги Ухань менен Шэньчжень шаарларынан дарыны сыноодон өткөргөн. Тестте 240 жана 80 бейтаптар катышкан.

Эч кандай дары колдонбой эле, орто эсеп менен бейтаптардын температурасы эки күндүн ичинде калыбына келген. Аналогиялык процес төрт күнгө созулган. “Авиганды” ичкенден төрт күн өткөндөн кийин алардын жөтөлү тараган. Дары ичпегендердин коронавирустун симптомдору алты күндө кеткен.

Ошону менен катар, Чжан Синьмин дарыны ичкен бейтаптардан төрт күн өткөндөн кийин, кайра анализ алышканын айтат. Алардын анализи таза чыккан. Ал эми аталган дарыны колдонбогондордуку таза анализи 11 күндөн кийин гана чыккан.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы типтеги коронавирус оорусу чыккан. Ал бүткүл дүйнө жүзүнө тараган. 11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны пандемия деп жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости