www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы КМШга катышуучу мамлекеттердин башкы прокурорлорунун орун басарларынын Санкт-Петербург шаарында өткөн жолугушуусуна катышты.

Иш-чара Казань шаарында 30-сентябрда өтө турган КМШга катышуучу мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин 36-жыйынына даярдыктын алкагында уюштурулган.

Кыргызстандын атынан Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов катышты.

Жолугушууда соттолгон адамдарды жазасын мындан ары өтөө үчүн жарандыгы бар мамлекетке өткөрүп берүү маселелери талкууланды. Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн ишин уюштуруу жана мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, анын ичинде практикалык жана уюштуруучулук маселелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эл аралык-укуктук кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана КМШ өлкөлөрүнүн прокуратура органдарынын ортосунда түз жумушчу байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

 

Последние новости