www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча мыйзамсыз схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдириди.
Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган жеке жактоочу Ц.Д.В. белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген. Тактап айтканда, ишкерлерге Ички иштер министрлиги, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.
15-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылынган 15 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Ц.Д.В. кармалды.
Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Ц.Д.В. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.