www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда быйылкы ажылык сапарын уюштуруу жаңы тартипте жүргүзүлүшү пландалууда. Бул үчүн ажылыкты уюштуруу боюнча Бирдиктүү санариптик система (БСС) түзүлөт.
Жаңы система аркылуу ажылыкка каттоо, электрондук кезекке туруу, төлөм жүргүзүү жана арыздарды кароо процесстери толугу менен автоматташтырылат.
Ажылыкты уюштуруу иштери мурдагыдай эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Жарандар ажылыкка каттоодон Бирдиктүү санариптик система аркылуу смартфондогу iOS жана Android тиркемелери менен өтө алышат. Ар бир каалоочу өз алдынча катталып, керектүү маалыматтарды онлайн түрүндө толтура алат.
Жаңы ыкма ажылыкты уюштуруу процессин ачык-айкын кылууга, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө багытталган.