www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кубага каршы согушка даярданууда

АКШ Кубага каршы согушка даярданууда

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Кубага каршы мүмкүн болгон аскердик операциялардын варианттарын карап жатат. Алардын арасында АКШ армиясынын 101-аба-десанттык дивизиясынын миңдеген аскерлерин аралга жайгаштыруу сценарийи да бар.

Бул тууралуу CBS News америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен маалымдаган.

Маалыматка ылайык, мындай пландар акыркы апталарда талкууланып жатканы менен, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет буга чейин Кубага каршы күч колдонуу ыктымалдыгын кыйыткан. Ал июнь айында Куба АКШга коркунуч жаратышы мүмкүн болгон куралдарды сатып алууга аракет кылса, бул Вашингтон менен Гавананын ортосунда тирешүүгө алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Чалгын маалыматтарына ылайык, Куба Гуантанамо аскер базасына, АКШнын аскердик кемелерине жана Флорида штатына каршы колдонуу үчүн 300дөн ашык учкучсуз учуучу аппарат сатып алган.

Бирок маалымат булактары жакын арада Кубага каршы аскердик операция жүргүзүлүшү күмөн экенин айтышат. Буга Иран менен кайра күчөгөн жаңжалдан улам Пентагондун негизги ресурстары башка багыттарга жумшалып жатканы себеп экени белгиленет.

Учурда Дональд Трамптын администрациясы Кубада бийлик алмашууга жетишүү үчүн негизинен экономикалык жана дипломатиялык басым көрсөтүү ыкмаларын колдонуп жатканы айтылууда.

Последние новости