www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын өкмөтү Жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк кызматташтык уюмун (WAICO) түзүү тууралуу келишимдин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Уюмдун башкы кеңсеси Шанхай шаарында жайгашмакчы. Демилгени Кытай көтөргөн жана Казакстан уюмга анын баштапкы этабында эле кошулууну көздөөдө.

WAICO уюмунун негизги максаты – жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелерин талкуулоо, технологиялар менен алмашуу жана бул технологияларды коопсуз колдонуу боюнча бирдиктүү эл аралык ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча түзүү.

Казакстан үчүн бул уюмда жөн гана байкоочу болбой, негиздөөчүлөрдүн бири катары катышуу маанилүү. Бул өлкөгө уюмдун эрежелерин жана күн тартибин түзүүгө башынан тартып таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анткени жакынкы жылдары жасалма интеллект тармагындагы эл аралык эрежелер технологияларга жеткиликтүүлүктү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, инвестицияларды жана өлкөлөр ортосундагы санариптик кызматташууну аныктай турганы белгиленүүдө.

Последние новости