www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026» эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин кеңири талкуулап, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Данияр Амангельдиев өнөктөштүктү бекемдөө үчүн үзгүлтүксүз саясий диалогдун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду. 

«Жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берип, өз ара ишенимди тереңдетүүгө өбөлгө түзөт жана биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет. Буга чейин жетишилген макулдашуулар мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элинин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-россия кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги чөйрөлөрүнө ар тараптуу баа берилди. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк жана транспорт жана логистика жаатындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Маектештер ошондой эле билим берүү, илим жана маданият жаатындагы маселелер боюнча пикир алмашып, алардын эки өлкөнүн элинин ортосундагы достукту бекемдөөдөгү фундаменталдык ролун белгилешти.

Жыйынтыгында Данияр Амангельдиев KazanForum стратегиялык байланыштарды бекемдөө боюнча мындан аркы практикалык кадамдарды аныктоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. Тараптар талкууланган маселелердин бардык спектри боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости