www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ак илбирстин тукуму" тасмасында, Мундузбайдын карындашынын себине кул катары эр аялы менен кошулуп берилген жери бар. Ал экөө тартуу болуп кетүүнү каалабай, качууга аракет кылышат эмеспи. Бирок, күйөөсү колго түшүп, аялы суу кечип качып кетет. Андан көп өтпөй, Мундузбай кудаларынын урматына чоң оюн-зоок уюштуруп, анын арасында эр сайыш дагы бар. Кача албай колго түшүп калган кулдун аялы эркекче кийинип алып, жүзүн жашырып ошол эр сайышка чыгып бардык баатырлардын жеңип, байгесине өз күйөөсүнө жана өзүнө эркиндик алат.

Бул тасманын сценарийинин баштапкы вариантында, күң өз күйөөсүн эр сайышка эмес, "төө чечмей" деген оюнга чыгып бошотуп алат. Мар Байжиев жазган ал сценарийдин негизинде 80-жылдардын ортосунда чакан китеп басып чыгарылган.

Кийин, режиссер Актан Арым Кубат "Свет аке" тасмасында төө чечмей сценасын көркөм аллегория катары пайдаланганы үчүн чоң сынга кабылган.

Илимий адабиятта кыргыздарда илгери "төө чечимей" оюну чын эле болгону айтылат. Ал моралдык жактан туура эмес, адамдын ар-намысын тебелеген көрүнүш болгондуктан, бара-бара практикаланбай калган. Азыр ал "оюн" мыйзамсыз дагы болмок.

Бирок, төө чечмейдин өзү болбосо дагы, ошондой эле уятсыз, мыйзамсыз (!) көрүнүштөн бизнес жасап, анысын эч жашырбай, тескерсинче жар салып мактанып, байып жаткандарды көрүп, минтип отурса унутулуп бараткан төө чечмей оюну деле кайрадан жанданып, той-топурларда кадимки көрүнүш болуп калабы деген ой кетет.

Мораль жагынан алганда, азыркы чоң байларыбыздын бир тобун уятсыз десе болоттур. Бирок, мораль жагынан гана. Мыйзам жагынан кынтык табуу кыйын. Табылса деле - "жебеген жердин астында" деп коебуз. Негизи эле, баштапкы капиталды топтоо мезгилинде мораль, ар-намыс, уят сыяктуу майда-чүйдөгө эч ким деле маани бербейт.

Ошентсе дагы, атагы таш жарган коррупционерлер менен ууруларыбыз бир аз дагы болсо актанып, мынча байлыкка кантип ээ болуп калганынын мыйзамдуу "легендасын" ойлоп таап, актанууга аракет кылышат го.

Ал эми, кыргыздын тунгуч порномагнаты антип актангысы дагы келбейт. Тескерисинче, аны сындагандаргы түз эфирде ашата сөгүп, мазактап, колуңардан эч нерсе келбейт деп каалаганын кылып жатат. Чынында эле, ага эч кимдин алы жетпейт окшойт. Жарымынан көбү намаз окуп, орозо кармаган "кызылдардан" дагы, "каралардан" дагы коркпосо, КР Кылмыш кодекси ал үчүн даарат кагазы болуп калса керек. Мурдагы Президенттин учурунда анын кудасын ашата сөгүп жатса чынында эле ага каршы чыгууга эч ким даабайт окшойт. Анын үстүнө, кыргыз порнобизнесинин негиздөөчүсү интернет айдыңында эчак эле легалдашып, легитимдешип алгандай. Анын жашоо образына суктангандар, тагдыры сынган жүздөгөн кыздарды веб-кам модель болууга аларды эч ким мажбурлабаганын айтып, алардын кожоюнун актап жатышат. Көздү уялткан байлыгы тартылган сүрөттөрдүн астында: "иншалла, бизге дагы ушул буйрусун" деген комментарийлер.

Эгер өз душманыңды жеңе албасаң, анда аны өзүңө шериктеш кылып ал дешет.

Жогорку Кеңеш КР Кылмыштар жана жоруктар кодексине тезинен өзгөртүү киргизип, "порнографиялык материалдарды жасап чыгаруу, жайылтуу, сатуу" деген беренени жок кылып, порноиндустрияны мыйзамдаштырсын.

"КыргызПорно" деген мамлекеттик холдинг түзүп, анын башчылыгына Даниел Ажиевди дайындоо керек. Ал мамлекеттен бир дагы тыйын сурабайт. Тескерисинче, киреше алып келе баштайт. "Төө чечмей", кыздардын аялдыкка жарап калагын аныктаган "тебетей менен урмай", "карга заара ушатмай" деген нерселерден нукура улуттук шоу жасаса, туристтер Таиландды унутуп, Кыргызстандын чек арасында кезекке туруп тизилип калышат.

Төө чечмей боюнча айыл өкмөтүнөн баштап, республикалык деңгээлге чейин сынактарды өткөрүп, жеңүүчүлөргө таажы кийгизип, аны Даниел Ажиев вертолетко салып алып келип Ала-Тоо аянтына конушса...

Эмнеге болбосун!? Анысыз деле абийирин саткан кыздар жалгыз Ажиевди эле байыта бербей, мамлекетибизге дагы пайда алып келишсин. Эгер дүйнө коомчулугу нааразы боло баштаса - бул биздин улуттук наркыбыз, каада-салтыбыз, деп, керек болсо "төө чечмейди" ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүүнү талап кылсак болот.

Салыштыра келсек, Даниел Ажиевдин бизнеси ыпылас болгону менен, ал башка "финанасы генийлеринен" айрымаланып мамлекеттен бир дагы тыйын уурдаган эмес, бардык байлыгын өзү тапкан.

Миржан Балыбаев, 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости