www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы куудулдардын ичинен сатираны ийинине чейин аткарган, бакыраң көз, кара каштуу “өзбек чырай” Тынар Курбаналиев – өзүнүн ютуб каналындагы катталуучулардын жана көрүүлөрдүн саны үчүн YouTube каналынын “күмүш” баскычына ээ болду. Бул тууралуу малыматты NazarNews.kgге куудул Тынар Курбаналиев кабарлады.

--“Бул сыйлык менин жеке эмгегим эмес, мени сыйлаган күйөрмандарымдын баарына рахмат. Америкадан Тынар Курбаналиев деп ачылган ютуб каналдан “күмүш” баскычын алдым. Ушундай баскычтарды менин чыгармачыл досторума да Кудай насип этсин. Кийинки алтын баскычка да ээ бололу”, деди Тынар Курбаналиев. 

Эске сала кетсек, Тынар Курбаналиев башка куудулдардан айрымаланып саясаттагы ачуу айталбаган чындыкты баса белгилеп келген. Ачуу чындык менен тилинин кесепетинен саясый куугунтукка дагы алынган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости