www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, азыр мигранттардын көбү Россия менен Түркияга каттап, акча табуу үчүн болгон иште иштеп жатышканы да чын. Мен дагы көптүн бири болуп Түркияга сапар алып, барганда эле бир чоң үйдүн тегерек чекесин карап, жыйнамай ишке орноштум.

Ал жерде эми эми баары бар, бирок башка эл деген башка эл да. Андан дагы тилин билбей башында катуу кыйналып, акырындык менен көнүп да кеттим.

Анткен менен иш жеңил, кыйратып деле иш кылмай жок. Кыскасы, үч маал тамак бекер, болгон иш жерге түшкөн жалбырактарды жыйнап коймой. Анан тегерек чекени кыдырып карап, убакытты өткөрмөй. Чынын айтканда адам баласы бекерчиликтен чарчаганы жаман экен. Убакыт өтпөйт, эл-жерге деген кусалык күч алып, мекенди сагынып жүрдүм. Бирок алган акча бул жакка караганда алда канча жакшы. Ошентип акырындык менен көнүп да калгансыдым.Бир күнү үй ээлери алыс жакка үч баласын алып эки аптага кетишти. Үйдө кожоюндун алтымыштан өткөн апасы калды. Бирок ал киши ушунчалык өзүн караган үчүн, өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн, шыңга бойлуу, ак жуумалдын сулуусу эле. Мен бул үйгө ишке келгени  ал кемпирге деле көңүл бурган эмес элем. Себеби, кирип чыгып өзү менен өзү болуп жүргөн кемпир кимди кызыктырат. Андан көрө анда-санда келип калган бир сулуу кыз бар, ошол кыз менин көңүлүмдү буруп турчу. Анткени ал кыздын да мени телмире тиктеп калганы, ойго салчу.

Алыс жерде жүргөндө эркек болгондон кийин аялзаты менен кобурашкың да келип, жакындашуу ар бир эркектин аң сезиминде болсо керек.

Бирок “тынч келип, тынч кетейин” деп, ашыкча сөз сүйлөбөй өзүмдү –өзүм карманып жүрдүм.

Кеч кирип калган. Бир кезде эле кемпир мени тамакка чакырды. Буга чейин менин тамагымды менин бөлмөмө коюп кетишчү. Беш айдан ашык иштеп жүрүп үйдүн ичине да кирген эмес элем.

Кемпир мени эмне максат менен үйгө киришимди суранды ага маани деле берген эмес болчумун. Эки жакты элеңдеп карап алып ичкери кирдим. Айткандай эле үйдүн ичинин жасалгасы ойдогудай экен.

Кемпирдин атын деле билбейм, билгенде мага эмне. Экөөбүз олтуруп тамактандык, ар нерсени кобурашкан болуп. Биздин эл-жер жөнүндө кызыгып сурады. Мен жооп берип билинбей эле бир саатка чукул убакыт өтүп кетиптир. Бир кезде кемпир столдун үстүн жыйнап, анан мага кайрылды, бир башкача көз караш менен карап:

-Бүгүн сен менин бөлмө жат, антпесең мен корком-деди. Андан деле мен жаман нерсени ойлогон эмес элем. Макул болуп, сыртты бир сыйра карап келип, бөлмгө кирсем кемпир кудум жаш кыздардай жеңил кийинип алыптыр. Кызыкмын, ошондо деле ага көңүл бурбаганымчы. Мен берки жактагы диван кроватка жаттым.Кемпир светти өчүрүп анан төшөгүнө жатып, мага бир нерсе деп айтканда, мен укпай калдым. Анткени эмнеге мени менен бир бөлмөгө жатты?-деген суроо мээ оорутуп жаткан. Айткандай кемпир жаш кезинде укмуш сулуу жан болсо керек, анткени ал азыр дагы келбетинен жана элек экени мени катуу ойго салды.

Ошол күндөн кийин кемпир экөөбүздүн ортобузда жакшы мамиле түзүлүп, мен ага арбалып бара жаттым. Анткени адам баласы жакшы мамилеге, жагымдуу сөзгө байланары да турган иш эмеспи. Ошол күндөн кийин ал кемпир дагы  өңүнө чыгып, сууну кана ичкен тоо гүлүндөй ачылып, мага кудум күйөөсүндөй эле мамиле жасаганга өттү. Көрсө аялдар эркекке кызмат кылгандан дагы өздөрүнө каниет алат белем.

Билинбей менин убактым жетип, алты айдан кийин мекенге кайттым. Кетээримде куураган кемпир, менин кетишиме ачык каршы боло албай  абдан жаман болду. Бирок анын баласы, келини эч нерсени билишкен жок.Билгенде деле эмне кыла алмак эле.

Карыса дагы ал кемпир мени өзүнө имерип алганы, эмнегедир аял заты бары бир эркекти өзүнө имерип турган касиети бар экенин баамдадым.–деп, Казыбек сөзүнүн аягына чыкты.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости