www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Президенттик аппараттын башчысы, Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, кызматкерлер аркылуу саясий куугунтук жүргүзбөөгө чакырды.

«Бул «жогору» жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан инцидентти саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар», - дейт билдирүүсүндө Фарид Ниязов.

Ал эми, ИИМ Низовдун үстүнөн Максат Чегирткеев аттуу жаран арыз жазганын, ал Фарид Ниязов жетектеген, 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгон жарандардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия Сочиде дарыланып келүү үчүн 200 миң сом бөлүп бербей койгонуна даттанганын билдирди.

Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» 4-пункту менен катталды. (ErN)

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости