www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен келгенге чейин канча турду билбейм, бирок башка, жанында көңүл бөлбөй турган муздак жүрөктөрдүн ээлериненби же муздак желденби, айтор калтырап үшүп жатканы билинип турду. Дароо үстүмдөгү жеңил куртканы чечип берип, оронуп тур деп сөз баштадым:

— Үйүң каякта? Эмнеге жалгызсың? Бир нерсе болдубу?  Анда ал өзүнө ишене:
— Досумдукуна ойногону келгем. Үйүм баланча жерде. Азыр маршрутка келет, - деп үмүт менен туруп калды. Багытыбыз бир болгону менен барар жерибиз эки башка экен. 

Түнкү он бирде маршрутка күткөн экөөбүз тең бала окшойбуз... Күндүз жүрбөгөн маршрутка түндө кайдан жүрсүн. Майы да кымбат. Аңгыча өзүм да үшүй баштадым))). Такси чакырып, чогу кеттик.

Бул тууралуу жарандык активист Ырыскелди Жекшеналиев өзүнүн Facebook баракчасында жазган.

25-октябрь, 2021-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости