www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-Жар конушунда 25-августта суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин Көк-Жар конушунда 25-августта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү саат 10:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өнөр жай объектилерине тиешелүү болот.

Өчүрүү аймагы: Куйручук көчөсү – Курманжан Датка көчөсү (мурдагы 7-апрель көчөсү) – Молдокулов көчөсүнүн батыш тарабы – Курманжан Датка көчөсүнө чейин.

Суу берүүнүн убактылуу токтотулушу суу түтүгүн кайра төшөө иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Шаар тургундары «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып тура алышат.

Последние новости