www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана баңгиликтин алдын алуу максатында өтүп жаткан «Кара куурай» аталышындагы комплекстүү рейддин алкагында 1 тонна 700 килограмм жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, рейдге Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жана Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери катышты.
Текшерүү иштери Баткен районунун Зар-Таш айылынын Секиртме участкасында жүргүзүлүп, жалпы 1,5 гектар аянт каралган. Натыйжада болжол менен 1 тонна 700 килограмм жапайы өскөн кара куурай ордурулуп, өрттөлүп жок кылынганы айтылды.
Милиция мындай рейддер мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө бөгөт коюу жана анын жайылышын алдын алуу максатында улантыларын билдирди.