www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өндүрүштү колго биротоло алып, алдлыга жылууга багыт алганыбыз оң!», - деди бүгүн, 3-августта, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, Кумтөрдү мамлекеттин энчисине алдык деп бир канча адам кубанып жүрөт. Бирок, бул кадамыбыз менен утулдук деп баш чайкагандар да бар. Сиздин пикириңизде уттукпу же утулдукпу?
- «Кумтөр» боюнча бир өңчөй эле уттук же утулдук деп айтууга мүмкүн эмес! Бирок, бир нерсени ачык эле айтып коёюун. Мурдагы саткын жана ач көз башчылардын азабынан Күмтөрдөгү биздин үлүшүбүз 70% дан 26% га түшүп калбадыбы беле? Биздин эле кыргызстандык шылуун акционерлердин кылыктарын айтпай эле коёлу!
Эмне тез аранын ичинде эле унута түштүкпү? Центерра дүйнөлүк класстагы афёралык фирма экендигин билдик. Бүгүнкү күнгө карата андан болгон нерселердин баарын өзүбүзгө каратып алдык.
Эң башкысы элдин үмүтү акталды! Ооба рекультивация боюнча маселе калды. Бирок, аны Центерра бизди дагы алдап, өзүбүздүн эле эсебибизден жасамыш болуп дагы ондогон жылдар бою алтын казып жүрө бермек. Биз ушуну түшүнөлүчү!
Эң башкысы алтындын өдүрүлүүсү колубузга өттү. Калган сөздөр арзан атак издегендер менен жалданма жазмакерлердин эле «кылыктары». Болду, бүттү! Өндүрүштү колго биротоло алып, алдыга жылууга багыт алганыбыз оң.
Булак: NazarNews.kg