www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетекчиси Кудрет Тайчабаров журналисттерге берген маегинде кымбат баалуу жол тандабас жана смартфонду кантип алганын айтып берди.

Буга чейин социалдык тармактарда активисттер чиновник өзүнө Бишкек эркин экономикалык аймагынын эсебинен 110 миң сомдук iPhone 12 Pro Max сатып алганын жазып чыгышкан. Ал эми Кудрет Тайчабаров айдап жүргөн Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унааны ЭЭА субъектилеринин бири ижара акысы үчүн төлөм катары алган.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ЭЭАнын башчысы смартфон расмий экенин, ал мурдагы жетекчиликтин тушунда тендерсиз сатылып алынганын белгиледи.

"Мындай төрт-беш телефон бар. Алар көп убакыт мурун сатылып алынган. Алардын арасында мурдагы жетекчилер колдонгондор да бар",-дейт Кудрет Тайчабаров.

Ошол эле учурда Apple компаниясынын оригиналдуу технологиясынын расмий риселлеринин айтымында, сөз болуп жаткан iPhone 12 Pro Max Кудрет Тайчабаров Бишкек ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалардан бир күн мурун, башкача айтканда, 2020-жылдын 13-ноябрында сатыкка коюлган.

Ал айдап жүргөн Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа "Бисталь" компаниясынан ижара акысын төлөбөгөнү үчүн компаниясынан конфискацияланып, ЭЭАга өткөрүлүп берилгенин ырастады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости