www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Министрлер кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планын аткарууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Тиешелүү тапшырмалар министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясынын отурумунда берилди.
Министр орун басарларына, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге иш-аракеттер планында каралган бардык иш-чараларды өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылууну тапшырды.
Ошондой эле акыркы көрсөткүчтөргө жетишүүгө жана отчеттордун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Сагынбаев бекитилген иш-чараларды аткарбаган жетекчилер жеке жоопкерчилик тартарын эскертти.
Мындан тышкары, министр жарандардын эмгек укуктарын коргоо жаатындагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн себептерин талдоону тапшырды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өндүрүштөгү кырсыктан же жаракаттан келтирилген зыян үчүн төлөнгөн компенсациялардын көлөмү 11,4 млн сомду түзгөн.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 58,8 млн сомго салыштырмалуу кыйла аз.
Ошондой эле жарандарга кайтарылган эмгек акы боюнча карыздын көлөмү 7,2 млн сомдон 4,4 млн сомго чейин төмөндөгөн.
Министр жооптуу түзүмдөргө аталган көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн себептерин тыкыр талдап, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошону менен катар ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди күчөтүү жана министрлик тарабынан даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу милдети коюлду.