www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чүй районунун Калыгул айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Аталган айылдагы эски мектеп 2 окуу корпусунан турат жана 150 окуучулук орунга эсептелген. Учурда мектептин дубалдарында жана шыптарында жаракалар кеткен. Мындан тышкары, мектеп имараты сейсмикалык талаптарга жооп бербейт.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдар өлкө жарандарынын сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн максималдуу күч-аракеттерди жумшоосу зарыл.

«Региондорду өнүктүрүү биздин ишибиздеги артыкчылыктуу багыт катары саналат. Ушул сыяктуу мектептердин болушу алдыда дагы аткара турган иштер мол экендигинен кабар берет. Аталган мектеп Чүй районундагы эски имараттардын бири, ал эми балдар коңшу айылдардагы мектептерден билим алууга аргасыз болууда. Күз мезгилинин соңунда обьект ишке берилип, балдар жашаган жери боюнча билим алууга шарт түзүлөт деп ишенем», – деди Премьер-министр.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган обьекттеги курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин жыйынтыктоону тапшырды.

Ошондой эле Кубатбек Боронов Кошкоргон айылындагы 350 окуучулук орунга эсептелген мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты, мында курулуш иштери дээрлик аяктап калган. Премьер-министр курулуш иштерин бүткөрүү үчүн тийиштүү каражатты ыкчам тартипте бөлүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жергиликтүү калк менен жолугушуп, мектеп белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилээрин убадалады. Буга катар Кубатбек Боронов айыл жашоочуларын учурда убактылуу бекитилген санитардык талаптарды аткарууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости